Рейтинг:  5 / 5

Звезда активнаЗвезда активнаЗвезда активнаЗвезда активнаЗвезда активна
 

Өз улутун сүйүп, ал үчүн сыймыктана билүү - адамдын ыйык парзы. Бир гана селсаяктар улутун урматтап, ага сыймыктанышпайт.

 

Бауржан Момышулы, жазуучу, полководец, 

Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры,

казак элининУлуттук жана түрк дүйнөсүнүн

баатыры.

 

Жашоонун узак жолунда ар бир адам көптөгөн кызыктуу инсандарга кезигип, баарлашуу бактысына туш келет. Алардын арасында өзүнүн турмуш жолу, эмгеги жана таланты аркылуу айланасындагыларды кайдыгер калтырбагандары да бар. Алар башкаларга анча окшошо бербеген сейрек жандардан болгону менен, бир караганда баамга уруна бербеген, жашоодо жөнөкөй, кекирейбеген, көптүн арасынан суурулуп чыгууга жан үрөбөгөн, жай, адамдарга жакын, жүрөгү ачык, токтоо, абийирдүү жандар болушат. Жакындан билген айланасындагы адамдар мындай инсандарга чын дилдери менен мамиле кылып, алар жөнүндөгү жүрөктөрүнөн чыккан жакшы пикирлерин аяшпайт. Ошондой эле мунун тескрисинче, жүрүш-турушу менен жагымсыз болгон адамдарды коом жакшы кеп-сөзү менен эркелете бербейт, жалганчыларды, кумпайларды, жагымпоздорду жектеп турат. Жумурай-журт өзү жактырган адамдарды даңаза кылып, мактап турушса, татыксыздарга чөп-чар жармашып, алар тууралуу шылдың кептер желдей тарайт.

Мен, сөздүн чыныгы маанисинде айтканда, көптөр сөз кылып жана тамшана жазып жүрүшкөнүнө толук татыктуу болгон жаркын адам жөнүндө баян кургум келди. Анын үстүнө ал менин мекендешим, замандашым, биздин казак элинин жана түрк дүйнөсүнүн татыктуу уулу экени огобетер жагымдуу. Аны улуу адам, чыгаан инсан катары билишет. Анын жазган эмгектери өз өлкөсүндөгүдөй эле чет мамлекеттерде да жакшы таанымал, талантына таазим эткендер арбын. Ал - Бахыткожа Рустемов. Бул киши экономист, тарыхчы, теолог, жазуучу, акын, публицист, котормочу, музыкант, Б. Гринченко (Украина) атындагы адабий сыйлыктын ээси. Орус поэзиясы жана чет элдер адабияттары боюнча өткөрүлгөн эларалык (Украина, Белоруссия) конкурстарда бир нече жолу жюри мүчөсү, Пекиндеги интеллектуалдык конкурстарда бир нече сыйлыктарга ээ  болгон.

Кийинки он жыл аралыгында Рустемов жөнүндө жазылган бул менин экинчи макалам. Макала публицистика жанрындагы адабияттын классиги катары Бахыткожа Рустемов тууралуу менин көз карашымды жана ой-пикиримди тастыктай турган булактарга таянган илимий-изилдөө багытында жазылды. Баса, ал жөнүндөгү илимий макаланы адеп мен жазып атканым жок. Ушул макаланы жазаардын алдында ал тууралуу газета-журналдардагы, китептердеги, телерадиолордогу, интернеттеги көптөгөн материалдарды карап чыгууга туура келди. Аларды кылдат карап, изилдеп чыккан соң, анын чоң ийгиликтерге жетип, өз өлкөсүндө гана эмес, чет мамлекеттерде да чыныгы даңазага ээ болгонуна толугу менен ишендим.

Бул макаланы, урматтуу окурман, ушул таң каларлык адамдын дүйнө таанымынын ушунчалык кенендигине, чыгармачылык чабытынын ар тараптуу экендигине сизди да ынандыруу максатында жазып жатам. Чынында бул адам турмуш жолунда көптөгөн тоскоолдуктарга, катаал учурларга кирептер болгон. Бирок, сөздүн түз да, кыйыр да маанисинде айтканда, ал очорулуп, сынып калбады. Тескерисинче, туңгуюктан жол таап, өзүнүн эркин, агедилдигин, чыныгы адамкерчилигин, мээнеткечтигин, өз жерин, элин, мекенин сүйө билүүгө жөндөмдүү экендигин көрсөттү.      

«Ийгиликке жана беделге жетүүнүн эки жолу бар: табигый жана жасалма. Биринчи жол татаал, оор болгону менен түптүү жана бекем. Ал эми экинчиси болсо, убактылуу, андыктан курулай шаңдануунун толкуну менен турмуштун «курч жана катуу» аскасына келип урунуп, таш-талканы чыгат», - деп белгилейт академик Бахитхожа Рустемов.

Макаланы жазууда мен болушунча агедил жана ачык болууга аракеттендим. Чыгармачыл интеллигенциянын өкүлү, журналистиканын ардагери катары калемдеш кесиптештеримдин өз ара мамиле кылуу, бири-бирин түшүнө билүү жана колдоо дүйнөсүн жакшы билем. Жашырган менен эмне: башкалардын ийгилигине чын дили менен кубанган, ошондой эле көз арткан, ичкүйдүлүк кылган адамдар бар. Мына ошондой ичине таруу айланбаган адамдар коомдо белгилүү бир орунду ээлеп, анан өзүнүн «статусун» кыйыр максатта пайдаланганы абдан жаман. Жеке амбициясынын, ичкүйдүлүгүнүн кесепетинен өз мекендешинин аброюн кемитип, тебелеп турган адамды кандай баалоо керек?

Мына ошол сыяктуу, негизсиз кодулоо ыкмасынын Рустемовго карата колдонулганын да байкап калганым бар. Эли-жеринин чыныгы патриоту катары эчендеген дарактарды отургузуп, балдарды татыктуу тарбиялап, ата-энесин жана башкаларды урматтап, элине, Мекенине ак кызмат кылып, керек учурда канын төгүп, алсыз адамдарды коргоого алган адамдарды коом жана өлкө үчүн татыктуу эч нерсе жасабаган айрым адамдардын үйрөтүп, үстөмдүк кылышы өтө өкүнүчтүү.

Рустемовдун сутка ичинде 15-18 саат эмгектенерин көптөр билишпейт. Беш жылдын ичинде дээрлик жыйырма китеп жазган! Жыйырмадан ашык илимий эмгектин, үч миң макаланын автору. Өзүнүн чыгармаларын казак, өзбек жана араб тилинде жазган Казакстандагы жалгыз жазуучу. Анын жазган эмггектеринин жалпы көлөмү он миң барактан ашык! Бул казак жана дүйнөлүк маданиятта сенсация эмес бекен?

Казак жаштарынын үч - казак, орус жана англис - тилди билишин мамлекеттик саясат колдойт. Ошондой эле каалагандар кошумча араб алфавтин үйрөнсө болот, анткени казак элинин бардык тарыхы араб чиймеси менен жазылган жана алар биздин, оруссиянын, башка мамлекеттердин архивдеринде изилденбей жатат. Рустемовдун китептеринен адабияттын бардык жанрларын, анын ичинде саясий публицистика жана эларалык публицистика сыяктуу сейрек жанрларды да кезиктирүүгө болот. Анын айрым макалалары корей, украин, уйгур, өзбек, англис, испан, араб, иран ж. б. тилдерге которулган.

Анын эмгектерин көп жылдар бою иликтеп келе жатам. Андыктан бүгүнкү күндө аны Казакстанда, Борбордук Азияда гана эмес, поссоветтик аймактагы Мильтон Джон (Англия), Виктор Гюго (Франция), Михаил Федоров (Россия), Освальд Шпенглер (Германия), Уолт Уитмен (США), Хорхе Луис Борхес (Аргентина), Анджей Фредро (Польша), Ноам Хомский (США) сыяктуу дүйнөлүк атактагы калемгерлердин катарына батылдык менен кое турган жалгыз публицист деп бүтүм чыгарууга түрткү болду.


Өз Мекениндеги бедели

 

Рустемовдун эмгектерин жакшы билген журналист, публицист, философия илимдеринин доктору, профессор, Европа жана Казак табият илимдер академиясынын академиги Владимир Коченов: «... даярдыгы жок адам Эверест чокусун багынта албагандай эле, мынчалык рухий чокуну дароо багынтуу мүмкүн эмес. Бул биздин замандагы Ата мекендик мыкты публицистика. Казакстанда биздин Отто Лацисибиздин бар экендиги кубанычтуу. Эгерде менин эркимде болсо, Рустемовдун публицистикасын мектеп окуучуларына кошумча сабак катары киргизүүнү сунуш кылат элем, ал тургай чоңдор да көп пайдалуу нерселерди алышмак», - деп жазган.

Чакан макалада ал жөнүндө бардыгын айтып берүүгө мүмкүн эмес. Атүгүл жазуучунун юбилейине карата «Улут дөөлөтү» журналы бүтүндөй бир санын арнап, көлөмүнүн чектелүү экенине байланыштуу Рустемовдун чыгармачыл ишмердүүлүгүн толук чагылдырып бере алган эмес. Журналга материал даярдашкан журналисттер Рустемов жөнүндө чогулткан аңгемелер жана маалыматтар бир нече китепке негиз болуп бере аларын айтышкан. 

Диссертация коргоп, окумуштуулук даража алган адамдарды академиялык окумуштуу деп эсептешет, ал эми Рустемовдой окумуштууларды - элдик окумуштуу дешет. Ал элдик академик. Маселен, күрүч өстүрүүнүн атактуу устаты Ибрай Жахаевди да элдик академик деп аташкан. Бүтүндөй өмүрү күрүч талаасында өткөн. Өзү билимсиз киши болгон. Бирок, айрым теоретиктерге, кабинеттен чыкпаган окумуштууларга караганда өлкө үчүн алда канча көп эмгек жасаган.

Элдик таанымга жана сый-урматка ээ адам катары Рустемов ар кайсы өлкөлөрдө өткөн эларалык конференцияларга, конкурстарга, фестивалдарга чакырылып турат. Эларалык аброюнун жана даңазасынын жогору экенинин күбөсү катары аны чет өлкөлөрдө болуп өткөн орус поэзиясынын жана адабиятынын эларалык көптөгөн конкурстарынын жюри мүчөсү кылып шайлаган. Ал эми орус адабияты жана орус поэзиясы сыяктуу жооптуу тематикадагы эларалык белгилүү конкурстарда жюри мүчөсү болгон казактар көппү? Албетте, жок. Демек, Рустемовдун мисалында алганда башка элдердин таланттуу инсандарынын катарында таанымга ээ болуу - казак эли, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн чоң кадыр-барк жана сыймык эмей эмне?

«Жаңы муун» газетасы: «”Күрөшүү жана жеңүү”  деген китеби - негизи эле орус тилдүү маданиятка, анын ичинде казак адабиятына кошкон чоң салым болуп саналат. Китептин баалуулугу жана уникалдуулугу - окурмандар өздөрү үчүн прогрессивдүү ойчулдарды, америка континентинин жазуучуларын ачып, адабий жаңы ысымдарды табышат. Ошондой эле жаңы дүйнөгө - Латын Америкасынын маданий жана адабий дүйнөсүнө баш багууга мүмкүнчүлүк алышат», - деп жазган.

Өлкөнүн башкы газетасы болуп саналган «Казахстанская правда» минтип жазат: «Бахыт Рустемовдун ысымы биздин өлкөдө жана чет өлкөлөрдө жакшы белгилүү жана эгемендүүлүк жылдарында активдүү өнүгүүгө бет алган Ата мекендик эларалык публицистиканын калыптанышы менен тыкыс байланыштуу».

Казак радиосу анын «Дүйнөлүк адабияттын энчиси» аттуу китебинин бетачары жөнүндөгү билдирүүсүндө Рустемовду уникалдуу адам деп атаган.

Өз мезгилинде өлкөдө Музаффар Алимбаев, Мариям Хакимжанова, Дуйсенкүль Бопова, Владимир Коченов, Владимир Гундарев, Дукенбай Досжан, Куандык Алимбетов сыяктуу маданияттын, илимдин ишмерлери, коомчулуктун жана мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү Рустемовдун ийгилигин таанышкан жана колдошкон. Бүгүнкү күндө да аны Толен Абдик, Алдан Смайыл, Султанали Балгабаев, Койшигара Салгарин, Болат Байкадамов, Аким Османов, Борибай Кулманов, Сабит Рустемов, Аким Ыскак, Икром Хашимжанов ж. б. жакындан колдоп жүрүшөт. 

Академик, юридикалык илимдердин доктору, профессор Есберген Алауханов: «Бахыт Рустемов улуттун сыймыгы болуп саналат», - деп жазса, академик, биология жана экономика илимдеринин доктору, профессор, эларалык сыйлыктын лауреаты, Казакстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана композитор Аманбек Акаев минтип жазат: «Рустемов абдан маданияттуу, жөнөкөй жана ашкере адамкерчиликтүү жан. Ал элдин жана өлкөнүн таламын бардыгынан жогору коет. Ал таза намысты туу тутуп жашап келген жана жашап жатат, андыктан өз элинин көзүнө жалтактабай, батыл карай алат. Улуттун ар-намысы катары саноого боло турган улуттук элитанын өкүлдөрүнүн бири. Ага окшогон инсандар эл тагдырын татыктуу алып кетүүгө жана чечүүгө жөндөмдүү».  

Рустемов өз өмүрүнүн бир кыйла мезгилин Түштүк Казакстан облусунда өткөргөн. Андан бери отуз жылдан ашык убакыт өтсө дагы, аталган облустун жашоочулары жана жетекчилери Рустемов жөнүндө эң жөнөкөй, абийирдүү, эмгекчил, абройлуу жана элдин сый-урматына ээ болгон адам катары ооздон түшүрбөй жүрүшкөнү кызык. Тилекке каршы, пенсияга кеткен адамды көптөр, алардын арасында кечээги эле кесиптештери, эмгек жамааты унутуп койгон учурлар аз эмес. Мындай учурда адам өз көйгөйү менен өзү жалгыз калып, карылыктын туңгуюгуна тезирээк чөгүп кетет.

Рустемовдун таланты жөнүндө адеп анын чет өлкөлөрдөгү достору айтып чыгышкан, турмушта ушундай да болот. Дал ошолор өзүнүн биринчи китеп көргөзмөсүн Астанада, кийин Казакстандын башка аймактарында өткөрүүнү сунуш кылышкан. Анын жолугушууларынын көпчүлүгү аншлаг менен жана жогорку деңгээлде өткөн. Турмуш өзү көрсөтүп жаткандай, чыныгы талант адегенде өлкөдөн сырткары жактарда байкалат, колдоого жана сыйга ээ болот. Буга жетүүнүн өзү оңой-олтоң иш эмес, бул үчүн канча мээнет, канча деген маңдай тер сарпталат, а мунун ден соолукка тийгизген таасири өзүнчө кеп. Мында адамдын жаш курагы эсепке алынбайт. Адамдын ден соолугу жашоо-турмуштун сапаттык - материалдык жана моралдык-нравалык - деңгээли менен шартталат. 

  «Мен Казакстандын гениалдуу журналисти Бахыт Рустемовдун китеп көргөзмөсүн көрүп, чексиз кубанычта болдум, өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоо, ошону менен катар эле казак элинин терең тарыхын, маданий салт-санаасын чет мамлекетттерге таанытуу багытында жасап жаткан сыймыктуу иш атмосферасына чөмүлүү бактысына туш болдум. Талант даарыган чыныгы журналист гана акыйкаттыкты чет өлкөлөргө жеткире билүү жөндөмүнө ээ болот. Казакстанда ошондой адамдардын бар экендиги зор бакыт. Өз Ата мекенин кантип сүйүү керектигин бизге көрсөтүп бергендиги үчүн Бахыт Рустемовго адамдык чоң ырахмат». Ботаева Марина. (Астана. 2011-жыл).

Казакстан-Куба достук коомунун президенти, 1962-жыдагы Кариб окуясынын катышуучусу, согуштун жана эмгектин ардагерлер советинин мүчөсү Еркен Саркеновдун Кубанын Казакстандагы Элчиси Карлос Вальдес де ла Консепсионго жазган катынан: «Америкада кармалып жаткан кубалык беш баатырдын токтоосуз бошотулушун дүйнөлүк коомчулуктун катарында казак эли да көп жылдар бою активдүү күрөшүп келди. Бул орчундуу маанидеги иште академик, жазуучу, адабиятчылардын Европалык Конгрессинин мүчөсү Бахыт Рустемов дүйнөлүк белгилүү жана кадыр-барктуу коомчулуктун арасында өзгөчө тилектештигин көрсөттү. Ал «Беш баатырды» бошотуу жана Кубага болгон блокаданы алып таштоо жөнүндөгү каты аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мунга, СШАнын Президенттери Джордж Буш менен Барак Обамага бир нече жолу кайрылган. Казакстандагы, Борбордук Азиядагы жана мурдагы постсоветтик аймактагы кийинки он жыл аралыгында Кубанын баатыр элине арнап төрт китеп жазган жалгыз жазуучу. Анын эмгектери казак жана латиноамерика элдеринин маданий жакындашуусуна чоң салым кошуп келүүдө».   

Бул күндөрү Рустемовдун китептери СШАнын Конгрессинин, бир катар араб мамлекеттеринин, Ирандын, Индиянын, Латин Америкасынын, Түштүк-Чыгыш Азиянын  бир катар өлкөлөрүнүн китепканаларында татыктуу орун ээлеп турат, натыйжада казак публицистикасы көптөгөн чет мамлекеттерде белгилүү болуп калды. Мында казак жазуучусунун кошкон салымы чоң. Кийинки чейрек кылым аралыгында Бүткүл дүйнөлүк «Википедия» энциклопедиясынан татыктуу орун алган Казакстан жана Борбордук Азиядагы жаш жазуучулардын бири Рустемов.

Эгерде мен катардагы казак жазуучусунун кантип жашаганы жана жашап жатканы жөнүндө айтып өтпөсөм, анда Рустемов жөнүндөгү баяным толук болбой калат. Аны менен баарлашуу өтө жөнөкөй, көңүлчөөк, айланасындагы адамдарга дайыма жакшы мамиледе. Акыркы чейрек кылым аралыгында өз эли менен көп нерселерди башынан өткөрдү. Бийикке көтөрүлгөн жана төмөн түшкөн, кубанычтан маңдай жарылган жана көңүл чөккөн учурлары болгон.

Казак мамлекети тарабынан элдерди эски борбордон жаңы борборго көчүрүп келгендердин арасында (1997-жыл) Рустемов да бар эле. Ошого карабастан, ал эч кандай негизи жок туруп, эки жолу жумушсуз калган. Белгилеп кете турган жагдай, мамлекет эсебинен көчүп келген мамлекеттик кызматкерлердин негизги тобу жарым жыл, бир жарым жыл аралыгында батирлерге ээ болушту, а Рустемов болсо, сегиз жылдан (2005-жыл) кийин гана батирлүү болду.  

Чынында мамлекеттик түзүмдөр тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтерге адилеттүү түрдө нааразы болгондор да чыкты, бирок, Рустемов ошол учурдагы коомдо болуп жаткан ал-ахыбалды түшүнүп турган, андыктан эч кимге доомат кылган жок. Албетте,  буга башка адамдардай эле санаа тартып, бушайман болду. Акыры ошо кыйналуулар ден соолугуна таасир этпей койгон жок. Бардык кыйынчылыктарга тике карады, алсырап калган жок. Жумушсуз калган кезинде да чөкпөй, бардыгын кайрадан баштады. Эми жаңы күч, жаңы дем менен киришти. Өз өлкөсүнүн чыныгы жараны өзүнүн коомуна кайсы жерде жана кандай гана иш болбосун жардамын тийгизе аларын ал жакшы билген, жакшы түшүнгөн. Ошондуктан кызмат тапканга чейин жүргүнчүлөрдү ташуу (таксист) менен алектенди.

Сөз тагдыры өтө кызык адам жөнүндө болуп жаткандыктан, анын үй-бүлөлүк, жазуучулуктан тышкаркы турмушу тууралуу да айтып берүүнү чечтим, ал мекендештеринин басымдуу көпчүлүгү сыяктуу эле жөнөкөй жашайт. Көп жылдар бою насыя алып, тиричилик өткөргөн, беш баланын атасы. Алардын үчөө университетте - уулу Нурсултан Кубада, кыздары Айгерим Польшада, Саида Вьетнамда, ал эми Гүлсина менен Ерсултан мектепте окушат.

Ал өмүр бою жарандык активдүү позицияда келе жатат. Ал үчүн коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы адилеттик сезими курч адам катары дайыма алдыңкы орунда болуп келген. Улутуна, диний ишенимине карабастан аны курчап турган адамдардын жыргалчылыгы Рустемов-интернационалисттин жеке жашоосунан алда канча маанилүү. Ал катаал, кээде каргашалуу жана драматизмге жык толгон турмушту башынан кечирген учурлары болгон. Бирок, өзүнүн адилеттик, адамкерчилик принциптеринен эч убакта тайыган эмес.

Ата-энеси өздөрүнүн он баласын, аларга кошуп эки жетим баланы тарбиялашкан үй-бүлөдө Рустемов өсүп чоңойгон. Аскердик милдетин өтөп келгенден кийин жогорку окуу жайынан билим алган. Студенттик жылдарында короо шыпыргыч болуп иштеп, вагондордон цемент, ташкөмүр, карагай, тактай түшүрүп, жашоого каражат тапкан. Алматыдагы консерва заводунда жүк тұшүргүч болуп иштеп, жайкы сезондо машинелер менен агылып келген ондогон, жүздөгөн, алтургай миңдеген тонна помидор, бадыраң жана башка жер-жемиштерди ташышкан.

Ирандагы жана Казакстандагы Венесуэланын Элчиси Аменотеп Самбрано Контрерас мырза жазуучу Рустемовду турмуштук жана чыгармачылык тажрыйбасы боюнча өз өлкөсүн таанытуу багытында венесуэлалыктар үчүн мугалим катары сыпаттаган.

Ошондой эле Никарагуанын тышкы иштер министринин орун басары Луис Молина Куадра жана Никарагуанын Россиядагы Элчиси Хуан Эрнесто Васкес Арайя Рустемов өзүн, өзүнүн эмгегин дүйнө элдеринин достугун чыңдоого арнап койгондугун бир пикирде билдиришет    

Рим-католик чиркөөсүнүн Башчысы Рим Папасы Францисктин башка диндин кадыресе өкүлү, тактап айтканда, Рустемовго: «...Сиз жана бүтүндөй казак эли үчүн сыйынам. Жашоодогу бардык кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө Сизге, ал эми казак элине тилектештикте, адилеттикте жана тынчтыкта улуттун өсүп-өнүгүшү үчүн Жараткан Кудайдан акылмандыкты жана күч-кубатты суранам» деп кайрылышы өзүнчө бир уникалдуу, бөтөнчө адаттан тыш көрүнүш экендиги чындык.

Венгриянын Казакстандагы Элчиси Имре Лассоцки: «Сиздин демилгеңиз жана Сиздин умтулууңуз менен элдердин ортосундагы достук чыңдалып жатат жана бул Казакстанга гана эмес, дүйнөлүк коомчулук үчүн жакшы натыйжа берип жатат. Эларалык жазуучулук жана журналисттик багыттагы жетишкен ийгиликтерге карабастан, Сиздин патриот экениңиз жана өз элиңизге агедил кызмат кылганыңыз бизди шыктандырат. Дал ушул үчүн Сизди башка элдер урматташат. Биздин эл менен казак элинин достугун чыңдоого кошкон салымыңыз үчүн мен Сизге ыраазымын». Эл арасынан чыккан, мамлекеттик эч кандай регалийге жана артыкчылыктарга ээ болбогон кадыресе эле казакка чет элдиктерден мына ушундай ак дилден жана жүрөктөн чыккан пикирлер берилип келет.    

Көзү тирүү адам жөнүндө изилдөө иштерин жазуу турмушта көп кездеше бербейт. Рустемов ирандыктардын мына ушундай көңүл буруусуна татыды. Ага арналган «Жазуучунун сиңирген чоң эмгеги» деген илимий эмгегинде илимдин доктору, Казакстандагы Иран Элчилигинин маданият боюнча кеңешчиси Асгар Сабери минтип жазат: «Жазуучунун баалуулугу жөнүндөгү айтылгандардын негизинде биз окумушутууларды жана жазуучуларды урматтап, баалай билүүгө милдеттүүбүз. Мына ушундан улам, улуу жазуучулардын биринен болгон Бахыт Рустемовго өзүбүздүн ак дилибизден чыккан урматыбызды билдиребиз. Сөз жок, анын эмгектери, чыгармалары маанилүү жана жогорку статуска ээ. Иран менен Казак элдеринин ортосундагы достукту, маданий-тарыхый байланышты чыңдоо үчүн ал өзүнүн көз карашын, конструктивдүү пикирлерин дайыма билидирип келген. Анын сиңирген эмгегин чоң урмат жана сыймык менен баалайбыз.

Албетте, бул акылман жана урматтуу адамдын сиңирген эмгеги улуу окумуштуунун, жазуучунун жана журналисттин ачыктан-ачык күбөсү болуп саналат. Аны урматтоо жана сыйлоо жаштар арасына, коомдун ар түрдүү катмарына илимди таратууга көмөк берет». Дүйнөлүк маданияттын жана дипломатиянын өкүлдөрү казак жазуучусунун ишмердигине мына ушундай баа беришет. Мындан бөлөк жакшы айтууга мүмкүн эмес.

Ирандык дипломат Асгар Саберинин акыйкат сөзүн далилдөө максатында төмөнкү фактыны келтиргим келет, Рустемов ар кайсы жылдары окумуштуулук даража коргоо үчүн бир нече жолу кандидаттык минимумдарын тапшырган. Тилекке каршы, анын бардыгы акыры барып эле анын материалдык абалына такалып калган. Турмуштук кыйынчылыктар, ал тургай трагедиялык учурлар ал иштерди жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеди. Бирок, анын бешенесине туш келген кыйынчылыктарды татыктуу жеңип, ошону менен бирге жетишкендиги менен гана токтоп калбады. Анткени иштин бардыгы расмий түрдө алган окумуштуулук даражада эмес, а элге, өлкөгө келтирген конкреттүү пайдада экендигине терең ишенген.

Лейсан Галиева (Адыгей, Россия) миинтип жазат: «Белоруссияда болуп өткөн орус поэзиясынын жана адабиятынын Эларалык конкурсунда Бахыт Рустемовду жюри мүчөлүгүнө шайлашкан. Конкурстун бардык (20 адам) мүчөлөрү ар кайсы өлкөлөрдөгү славян элдеринин өкүлдөрү эле. Мындай чоң сыймыкка казак элинен гана эмес, бүтүндөй түрк элдеринин ичинен жалгыз Рустемов татыган!».

США Элчилигинин маданият боюнча кеңешчиси, жазуучу Джефри Секстон: «Бүгүнкү күндө америка адабиятын кылдат билген жалгыз казак американисти Бахыт Рустемов болуп саналат. Казакстандыктар америка маданиятын окуп-үйрөнүүдө Рустемовдун эмгектери менен башташат. Демейде чоң эмгек жамааты жазып бүткөрө турган «Дүйнөлүк адабияттын энчиси» деген энциклопедиялык китепти жалгыз жазганына биз таң калып, таазим кылдык», - деп белгилейт.

Анын «Улуу Кытай: мейкиндикте жана мезгилде» деген китеби Кытайда зор кызыгууну пайда кылды. Өзбекстандын президентинин улуттук маселелер боюнча кеңешчиси, Өзбек Республикасынын Улуттук борборунун директору, акын, жазуучу Насриддин Мухаммадиев, дүйнө элдеринин достугу жөнүндө жазган Рустемов казак элинин, ошону менен катар өзбек элинин татыктуу уулу болуп саналарын айтат.

Рустемовдун 60 жылдык юбилейи өтүп жаткан күндөрү жазуучуга карата болгон өзгөчө кадыр-сыйы менен чоң урматын төмөндөгүлөр билдиришкен: Япониянын Элчиси Камахара Масаеси, Латвия – Юрис Маклаковс, Литва –Рокас Бернотас, Түштүк-Африка Республикасы – Шириш М. Сони, Индия – Ашок Кумар Шарма, Куба – Карлос Вальдес, Вьетнам – Нгуен Ван Хоа, Ватикан – Маури Буендиа, Венесуэла – Хосе Мигель. Ошондой эле Франциянын, Болгариянын, Румыниянын, Венесуэланын, Украинанын, Түркиянын элчиликтеринин дипломаттары юбилейлик иш-чараларга катышуу тилегин билдиришкен.  Анын казак жана дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын чет өлкөлүк дипломаттар билдирип жатышат. Алардын өз өлкөлөрүнө келип-кетүү чакырыгы менен дүйнөгө белгилүү инсандар менен катар ошол мамлекеттердин жетекчилеринин кабыл алуусунда болууда.

Анын үйү Астанадагы эларалык маданий борборлордун бири болуп саналат. Чет элдик меймандар ал үйдү «Эл достугунун үйү» деп аташат. Казак жазуучусунун адабий ишмердигине дипломаттар, адабиятчылар, дүйнөлүк эстраданын жана кинонун жылдыздары кызыгышат.  

Кубанын Элчиси Абелардо Фабио Эрнандес Феррер жубайы менен жана Карлос Вальдес де ла Консепсион жубайы менен, Монголиянын Элчис Жагир Сухээ жубайы менен, Венесуэлы Ирандагы жана Казахстандагы Элчиси Аменотеп Самбрано Контрерас, Венесуэлынын Казакстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Хосе Мигель, Румыниянын Элчиси Эмиль Рапча жубайы менен, Вьетнамдын Элчиси Нгуен Ван Хоа, Индиянын Элчиси Ашок Кумар Шарма жубайы менен, Литванын Элчиси Рокас Бернотас жубайы менен, Латвиянын Элчиси Юрис Маклаковс жубайы менен, Венгриянын Элчиси Имре Ласлоцки, Словениянын Элчиси Петер Юза, Япония Элчилигинин кеңешчиси Хироюки Имахаси, Түштүк Корея Элчилигинин кеңешчи-министри Чжин, Ки сок,  - Кореянын элчисинин кеңешчиси Хан, Сеонг-чин жубайы менен, Иран Элчисинин кеңешчиси Мухаммадпур, Болгариянын Консулу Стефан Гургушников жубайы менен, Куба Элчилигинин Биринчи катчысы Мигель Санчес Ордоньес жубайы менен, Куба космонавты, СССРдин жана Кубанын Баатыры Арнальдо Тамайо Мендес, кубалык жазуучу Арнальдо Кристобаль, россиялык белгилүү теле-радио журналист Кипрас Мажейка, голливуд киножылдызы Керри Тагава, украиналык  белгилүү акын Наталья Вареник,  Крым элдик партиясынын төрагасы Васви Абдураимов, крымдык коомдук ишмер Рустем Халилов, кубалык, казахстандык эстрада жылдыздары ж. б. Рустемовдун үйүндө конокто болушкан.

Мындан тышкары юбилярды атайын куттуктоо үчүн Палестинанын Элчиси Хуссейн Абуола, Египеттин Элчиси Абдаллах Омар Альорнаси, Ирактын Элчиси Ражих Аль-Мусави, Ливандын Элчиси Вазкен Кавлякан, Иорданиянын Элчиси Слайман Арабиат ж. б. келишкен.

Жазуучу жөнүндөгү дагы бир нече пикирлер менен ойлорду келтирейин. 2004-жылы эле ал тууралуу постсовет аймагындагы спорттун белгилүү ардагери, бир катар китептердин автору Лев Ежевский (Днепропетровск, Украина) минтип жазган: «Бахыт Рустемов улуу жазуучу болуп саналат». Философия илимдеринин доктору, профессор Зухра Алиева (Баку, Азербайджан. 2011-жыл): «Жан-дүйнөсү укмуштуудай кенен адам. Чындыгында, Бахыт Рустемов сыяктуу улуу уулу менен казак эли сыймыктанса болот». Вьетнам Жазуучулар союзунун төрагасы Хыу Тинь минтип белгилейт (2012-жыл): «Бахыт Рустемов биздин элдердин маданиятын жакындаштыруу менен чоң иш жасап жатат». Якутиянын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Гаврил Андросов: «Бахыт Рустемов сыяктуу түрк тууганым менен бирге болуу мен үчүн жагымдуу». Голливуддун (США) жылдызы, киноактер Керри Тагава: «Мен казак жазуучусунун тынчтыкты сүйгөндүгү, достукка бекенди үчүн ыраазымын».  

Кубанын биринчи космонавты, афро-латиноамерикалык, Арнальдо Тамайо Мендес: «Бахыт Рустемов сыяктуу адамдын жанында адам өзүн эң сонун сезет. Ал достуктун жана тынчтыктын адамы», - деп жазган.

«Сиздин эң сонун журналисттик жана жазуучулук ишиңиздин мындан ары да ийгиликтүү болушун каалайм. Эң жакшы тилектерим менен Норбер Жустен. Казакстандагы Евросоюздун Элчиси. 2010-жыл».

Казактандагы БУУнун Элчиси Стивен Тулл: «Ооба, Сиздин китептер кызыктуу. Дүйнө элдери жөнүндө өз элине баяндап берүү - жакшы иш. Мен сизге БУУнун төш белгисин тапшырып койгум келет».

«Бахыткожа Рустемовго! Америка элинин атынан Сизге 2015-жылда чың ден соолук, бакыт жана гүлдөп өсүүнү каалайм!». Тереза Гренчик, Америка Кошмо Штаттарыныын Башкы Консулу.

СССР Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, эмгек ардагери Ралиф Нурисламов (Москва): «Сенин эки документиңди окуп, абдан таң калдым! Сен үч министрдин ордуна толук татыктуусуң. Сен өлкөнүн кайсы гана жараны болбосун өзүңдүн акылың, илим-билимдик даярдыгың менен алда канча бийикте турасың. Андыктан Казакстан чынында эле таланттуу адамдарга байып кеткен сыяктанат? Сен жазуучу гана эмес, ар тараптан жетилген инсансың!».

Акын Кае Мори (Япония): «Биз Бахыт Рустемов менен эски достордонбуз. Ал өз өлкөсүнүн чоң патриоту». Акын Алекс Паусидес (Куба): «Көрсө, Бахыт Рустемовду көптөгөн кубалыктар билишет экен. Сизди досум деп саноо мага да жагымдуу». Акын Фернандо Рендон (Колумбия): «Казак элинин өкүлү менен биринчи сапар жолугуп атам. Казак элинин ушунчалык айкөл, тынчтыкты сүйгөн эл экенин көрүп турам».

«Урматтуу Бахыт! Мен Сиздин сайтыңызды ачып, андагылардын бардыгын окуп чыктым. Сиз жөнүндөгү жана Сиздин Жаратуучулук ишмердигиңиз жөнүндөгү менин ой-пикирлеримди жана сөздөрүмдү сайтыңызга жайгаштырып коюшуңузду өтүнөм. Бул менин Сизге чын дилимден айткан сөзүм. Сиз ушунчалык ички руханий күч-кубатты сактап жүргөндүгүңүз үчүн Сизге болгон өзүмдүн чыныгы сыймыктануумду жана чоң алкышымды билдирип кетким келет. Азыркы мезгилде ар бир журналист, жазуучу келечектин жаратуучусу катары жана өткөнгө тактоо киргизип, аны өзгөртө ала тургандар бардык дүйнөнүн Улуу Жаратуучусунун алдында анын бардык жаратканы үчүн улуу жоопкерчиликти алып жүрүшөт. Айрым учурда сөз «көпөлөктүн канатындай» жеңил сезилет, андыктан көп нерселерди бир убакта талкалап алуубуз да мүмкүн.

Сиздин сөздөрүңүздө сүйүү, камкордук, тынчтык бар, ушундан улам биринчи кезекте мен ашкере сүйгөн казак элине эбегейсиз пайда келтирип жатасыз. Менде, кайсы бир деңгээлде, элдердин өткөн мезгилине сереп салуу жөндөмү бар, Астанадагы казактардын тарыхый музейине барып, байыркы буюм-тайымдарды көрдүм. Кудайдын негизги баалуулуктарын урматтаган казактардын бардык кайгы-капасын жана кыйынчылыктарын тарыхтын дал өзүндөгүдөй сездим.           

 Алланын добушу катары, келечекти жана дүйнөнүн жаңы стихиясын жаратуучу катары казактар акындарды урматташат. Мына ушул жаңы стихиянын жардамы менен гана кандай элди болбосун өнүктүрүүгө мүмкүн. Эгерде жаратман акындарды жана жазуучуларды урматтабаса, андай өлкө өнүкпөйт, ал тургай, адеп бир орундан жыла албай туруп, анан таптакыр бузула баштайт. Бүтүндөй адамзаттын келечеги жөнүндөгү камкордук толгон боорукерликтин жана сүйүүнүн дүйнөсүн жаратып жаткан Сиз, Сиздин калемдештериңиз барда Казакстан өркүндөй берет жана келечеги кереметтүү болот.

Жер жүзүнүн бүгүнкү көйгөйүн сезип турган аял катары, Казакстанды жан-дүйнөмдүн бир бөлүгүндөй көрөм, бул өлкөнү чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм жана Сиздин өлкөңүздүн гүлдөп-өсүшүн, Сизге болсо XXI кылым жана Жараткан Өзү Сизге окшогон адамдарга өзүңүз каалаган өмүр жашын, кайгы-касиреттен тыш кылып, чыгармачыл жаратман мүмкүндүгүн арбын беришин каалайм. Менин каалоом ушунчалык күчтүү жана тунук болгондуктан, Сиз үчүн сөзсүз түрдө жүзөгө ашат».               

 

Мария Карпинска, журналист, жазуучу, акын, философ, АНО "Жаңы планетардык телевидениенин" башкы директору, 40 ашык социалдык долбоорлордун автору Москва. (Россия).

*  *  *

«Милли Фирка» элдик партиясынын атынан Крым коомчулугу маданий жана экономикалык тыгыз байланышты жөнгө салуу үчүн 2014-жылдын январь айында Казактанда Крым Автономиялуу Республикасынын Башкы Консулдугун ачуу өтүнүчү менен Казакстандын Президенти Н. А. Назарбаевге кайрылган. Бул кызматка, крымдыктардын каалоосун эске алуу менен, Бахыткожа Рустемовду дайындоону суранышкан. Крым эли Рустемовду казак жазуучусу жана тынчтык үчүн күрөшүүчү адам катары жогору баалашат.

Украинанын белгилүү акыны Юрий Осиян: «Орус поэзиясынын жана адабиятынын жюри мүчөсү болуп шайланышың менен чын дилимден куттуктайм. Сен буга дос жана адабиятчы катары чындап татыктуусуң». Белгилүү композитор, акын-ырчы (Россия) Ильдар Гайнуллин: «Сизди, Бахыт орус поэзиясынын жюри мүчөсү болуп шайланышыңыз менен ак дилимден куттуктайм. Сиз буга чынында эле татыктуусуз».

Эларалык адабий сыйлыктардын лауреаты, Украина Жазуучулар союзунун мүчөсү, рухий маданияттын Бүткүл дүйнөлүк форумунун Президиумунун мүчөсү, акын Наталья Вареник (Украина): «Рустемовдун жашоо мүнөзүнүн өзү уникалдуу: ишенимдүү жолдошу жана жубайы Раушан Сеитова менен бирдикте жазуучу бүткүл Казакстанды кыдырып чыккан. Казак талаасынын кышкы 40 градус суугуна, жайкысын 40 градус ысыгына кайыл. Кээде эски машинеге, кээде коомдук транспортко түшүп, өз жанынан төлөп, өлкөнүн карапайым жашоочулары, окурмандар менен жолугат. Ал эми айрым учурда китепкана кызматчылары окурмандарга жолугушуу жөнүндө эскертүүнү унутуп калышат, андайда аудиторияда бир нече гана кишинин соройуп отурганын көрүп, өкүнгөндөн башка арга таппай калат! Ошондой болсо да, мындай жолугушууну жазуучу текке кеткен убакыт деп эсептебейт, бир киши болсо да анын чыгармачылыгы жөнүндө билип калганы маанилүү. Бир кызык жери Казакстандын адабий сыйлыктарынын бакандай лауреаттары демейде борбордон чыгышпайт...

Дүйнөлүк атагы бар жазуучулар Мурад Ажи менен Эрнст Мулдашевдин айрым эмгектерин мамлекеттик тилге которууга аракет жасаган өлкөдөгү биринчи адам Рустемов болгон. Ал Нобель сыйлыгынын лауреаттары Джон Стейнбектин, Уильям Фолкнердин айрым чыгармаларын 2005-жылы казак тилине которгон жалгыз адам. Ал калемдин жөнөкөй кайраткери. Өзүнүн китептерин 100 нуска гана эмес, 50 нуска кылып бастырып алууга каражатынын жоктугуна окурман журту таң калат...

«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» деген сөз бар, анын сыңарындай, даңазалуу жазуучу үйүнүн лоджиясын жасалгалап, алакандай кабинет кылып алып, ошондо иштейт. Бөлмө кышкысын суук болот, бирок, текчелерге шыкалган китептерден, достору жиберген белектерден жылуулук келип турат. Түнкүсүн мониторунун алдында балдардын кызыктай болгон кичинекей, бүктөмө үстөлүнө отуруп алып жазат, бутунда жылуу, тери тапичке. Абдан чарчаганына карабай, адабияттын сыйкырдуу дүйнөсүнө сүңгүп киргенине бактылуу. А бул дүйнө чынында да керемет: ал Казакстанда алгачкы болуп башка планеталардагы цивилизациялар тууралуу китеп жазып, Дарвиндин эволюциялык теориясы жөнүндөгү макалаларын басма сөз беттерине жарыялаган. Анын пикири боюнча, дүйнөлүк тарыхтын өзү бул доктринанын жарамсыздыгын далилдеп турат. Интернет аркылуу адамдар менен болгон байланыш аны мурдагыдан да белгилүү кылды, анткени социалдык тармактарда жана адабий сайттарда анын жүздөгөн, миңдеген достору бар.

Украинанын регион аралык Жазуучулар Союзу Бахыт Рустемовдун 60 жылдык юбилейине байланыштуу биздин элдин жана адабияттар ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле чыгармачылыктагы жигердүү ишмердиги үчүн Б. Гринченко атындагы адабий сыйлыкты ыйгарган. Андан да Рустемовдун демилгеси менен уюштурулган XVIII кылымдагы жунгар жапырыгына каршы казак элинин башын кошуп уюштурган улуттук баатырлардын бири, казак жоокерлеринин колбашчысы Кабанбай баатырдын тарыхый эстелигине барышыбыз бул инсандын чыгармачылыгынын тереңдигин эң сонун мүнөздөп койду.

Казактын жайык талаасында ызгаар сууктан чыңылдаган бетеге, белгисиз адамдар көмүлгөн байыркы дөбөлөр, жоокердин туулгасына окшоштуруп салынган мавзолейдин оригиналдуу көрүнүшү керемет таасир калтырат. Мемориалдагы улуу колбашчыга башын ийип, дуба окуган кейипте тарган өз элинин татыктуу уулу Рустемов менин көңүлүмдөн кеткис болуп сакталып калды. Ал даңазалуу баатыр менен акырын сүйлөшүп жаткансыды, балким, ал өзүнүн чыгармачыл катаал жолунда байсалдуу сапар, чаалыкпас күч-кубат тилеп жаткан чыгаар...».


Кылмыштуулукка каршы күрөшкө катышуу

же талаада жалгыз жоокер

 

Бул кишинин өзүнүн ашкере жөнөкөйлүгүнөн улам колдоого жана сыйга татый турган чечкиндүү, кайраттуу кадамдарын элден, коомчулуктан жашырып койсом, Рустемов жөнүндөгү баяным объективдүү, адилеттүү болбой калат го деп ойлойм. Бул багытта андан аларлык үлгүлөр көп. Юридика илиминде мезгил эскирбейт деген түшүнүк бар. Ошондуктан адамдын коомдун жана адамдардын пайдасына карата жасаган чечкиндүү иштерине канча жыл өтүп кетсе да бааланууга тийиш.

Үстүндө үйү жок, мезгил-мезгили менен жумушсуз жүргөн кезинде (1995-2005-жылдар) жазуучу жан багуунун айласында соода-сатык менен алпурушкан. Түшкөн акча үй-бүлөнүн тиричилигине жумшалчу. Мындайда көпчүлүк адамдардай эле рэкет деген балекетке ал да туш келди. Каракчылардын талабына моюн бербеген жазуучу жүрөк тушка бычак жеди (1993-жыл). Дарыгерлердин аракети менен гана аман калды.

Быйыл ал алтымыш үч жашка келди. Жөнөкөй жумушчулуктан (1969-жыл) тартып, Президенттик Администрациянын жооптуу кызматкерине (2001-2008-жылдар) чейинки эмгек жолун басып өттү. Өмүр жолунда бир нече сапар бандиттер менен кагылышууга туура келди. Алар жубайынын соода түйүнүн бир нече жолу карактап кетишти (1998-2008-жылдар). Машинесин айдап качышты (2007-жыл). Ошол катаал жылдарда өзү базарга чыгып, майда соода-сатык кылды. Рэкеттер тынчтык беришпеди. Машинесин койгон жерин таап, аны айдап кетүүгө аракет кылышты. Адамдар ага «машинеңе барба, өлтүрүп кетишет» деп кеңеш беришти. Үй-бүлөнү багып жаткан жалгыз «Жигулисин» бергиси келген жок. «Өлтүрсө мени өлтүрсүн! Бандиттерден бүтүндөй базар запкы тартып жатат» деди.

«Жигули» машинесинде эки киши отурган. Кармашуу башталды. Анын бири бычак менен жүрөк тушка малып алды да, качканга бет алды. Экинчиси Рустемовду биротоло тындым кылгысы келди. Бычак жегенине карабастан, Рустемов акыркы күчүн топтоп, чечкиндүү түрдө тигил бандитке кол салды, ал жыгылып түштү. Эгерде бул качып кетсе, өзүнө кол салганын далилдей албасын билип турду. Көргөндөрдөн бирөө полиция чакырган экен, Рустемов бандитти бычагы менен салып берди.

Кансырап, алы кеткен Рустемовду «Тез жардам» машинеси келип алып кетти, аны реанимацияга жаткырышты. Дарыгерлер жети саат операция жасашып, анын өмүрү үчүн күрөшүштү.  Ошол жараты азыр да сыздап калат. Ооруканадан сакайып чыгып, кайрадан базардагы ишине келгенде, ал жердеги адамдар анын жасаган эрдик ишинин аркасы менен базарда тынчтык өкүм сүрүп, анча-мынча тапкан акчасынан бандиттерге бөлүшпөй калышканын кубануу менен айтып беришти.

Ишкерлерди тоноп, кыз-келиндерди зордуктап, алардын талабын аткаргысы келбеген эч күнөөсү жок адамдарды өлтүргөн бандиттер экинчи жолу да (2001-жыл) коркута башташты. Алардын талабы аткарылбаган учурда анын үй-бүлөсү катуу запкы тартып каларын эскертишти. Бирок, бул жолу да өзүнүн, үй-бүлөсүнүн өмүрүн тобокелдикке салып, бул бандиттерди токтотту. Өлкөдө буга окшогон башка окуялардын болбогонун белгилей кетүүбүз керек.

Башка өлкөлөрдө деле адам өмүрү кыл учунда калган учурлар аз эмес, же бандиттердин бардык талабын аткарып, алардын калаганын беришиң керек, болбосо баш тартып, өзүңдү жана үй-бүлөңдү коркунучка дуушар кылышың керек.

Рустемов жана анын үй-бүлөсү ошол кездери кандай кыйын ал-ахыбалда калганын түшүнүү үчүн дал ошондой абалга туш болуу керек. Бандиттер өздөрү кол сала турган адамдарга алардын үй-бүлөлөрү, жакындары, туугандары жөнүндө бардыгын билишери, полицияга кайрылуу пайдасыз жана ал учурда кайра жаман болорун аргумент катары билдирише турган. Абдан куралданган бандиттерден корккондор баш көтөрүүгө жарабай, айтканын аткарышчу. Себеби каргыш тийген каракчылардан кимдир бирөө коргоп калат деген ишеним эч кимде жок эле. Ар ким өз жанын сактап калган.

Бир сапар Рустемовдун туугандарынын бирин бети-башын талкалап, сабап кетишти. Көрсө, андан кожоюнга 1500 доллар, ошондой эле күн сайын 100 доллардан, мындан тышкары ар түн сайын машинесин берип туруусу керектигин айтышкан экен. Муну укканда Рустемов бул бандиттерди токтотуу керек деп дароо чечти. Адамдар канчалык унчукпай койгон сайын, ошончолук кылмыш иштери көбөйө берерин түшүнүп турган. Буга каршы ал чыкпаганда, ким чыгат?

Анын сабалган тууганына моюн бербеген адамдарды кантип өлтүрүшкөнүн бандиттер айтышкан. Албетте, бардык башка адамдардай эле, Рустемов да каракчыларга өз үлүшүн төлөп коюп, бычактын мизин баспай, бейгам жашай берсе болмок. Бирок, анын бандиттерди токтотуу керек деген гана ниети тынчтык бербеди. Күн, апта өткөн сайын өлтүрүлгөн, зордукталган, майып болгон, азап тарткан адамдардын саны арбый берээрин түшүнүп атты.

Чай үстүндөгү кеп-келечте жубайы, он бир жаштагы уулу, тогуз жаштагы кызы жана аз жерден аман калган тууганы полицияга барып билдирүүгө караманча каршы чыгышты. Алардын бүтүндөй аң-сезимин коркунуч ээлеп, тушап алган. Жубайы бардыгын таштап, ушул каргыш тийген шаардан көчүп кетүүдөн башка арга жок экенин айтты. Ошол күндөрү, кийин сот болгончо созулган бир нече ай бою эшикти ачуудан коркуп жүрүштү. Көчөгө чыгуу андан бетер коркунучтуу эле. Бандиттер кол салуудан мурда болочоктогу өз курмандыгынын турмушун, ал-жайын, айланасындагыларды бир нече айга чейин иликтешет. Рустемов жашаган райондун тынчы жок болучу, баңгилер көп эле. Зарыл жумуш болбосо, кечкисин сыртка чыгышчу эмес.

Ошол күнү кашайып, үйдөгү телефон иштей калган, экен. Ал кезде буларда уюлдук телефон жок болучу. Үйдөн полиция бөлүмүнө чейин жыйырма мүнөт жөө басуу керек эле. Рустемов үйүндөгүлөргө эшикти эч кимге ачпоону жана сыртка чыкпоону эскертти. Өзү ичинен Аллага кайрылды: «Жараткан, бардыгы сенин эркиңде! Мага жар боло көр!». Ушундан соң сыртка чечкиндүү чыкты да, полиция бөлүмүн көздөй жөнөдү. Таң эрте эле, эл жыш жашаган кварталда баратты, бирок, көчөдө эл аз. Эгерде аны аңдып баратышкан болсо, бандиттер капыстан кол салып, машинеге тыгып кетиши мүмкүн. Анда бардыгы бүттү дей бер, башка курмандыктардай эле адам жок болот. Эч ким эч нерсе таппай калат. Анын үстүнө зарылчылыгы үчүн суранып кеткен жигиттин кечиге баштаганына бандиттердин жини келип аткан эле.

Эгерде дагы 15-20 мүнөт болгондо, бандиттер эми эле сабашкан жигиттин үйүнө келишмек. Жигит качып кеткенден кийин, полицияга билдириши мүмкүн экенин алардын баары билишти. Кечигүү алар үчүн иштин ойрон болушу, бейиштегидей жашоолорунун бүтүшү экенин түшүнүп турушту. Анткени алар күн сайын кыздар менен ресторандарда, сауналарда, жалдаган батирлерде сайраң курушчу, алардын бардыгына таланып, тонолуп алынган акчалар сарпталчу. Андыктан бир гана чечимге келишти: Рустемов полицияга барып, арыз бергенче тез арада кармап, ага катуу, ал тургай айоосуз чара көрүү керек.

Ошол мүнөттөрдө Рустемовдордун үй-бүлөсүнүн тагдыры чечилип жаткан. Кылмышкерлерге бары бир эле. Анткени алардын мойнунда бир гана тоноо, тартып алуу, зордуктоо эмес, адам өлтүрүүлөр бар болучу. Полиция бөлүмүнө кеткен жол түгөнбөөчүдөй, түбөлүккө созулчудай сезилди. Ар кандай ойлорго чайналып баратты: а кокус банданын бирин-экиси соттолбой, боштондукта калсачы, алар өч алышы ыктымал. Анан да болуп жүргөндөй, ар бир кылмыштуу топтун коргоочусу болушу мүмкүн, башкача айтканда, аларды укук коргоо жана башка органдар калкалап, коргоого алышат. Кийинки күнү гана Рустемовдун өзү жана туугандары анын саамайында ак чачтардын пайда болгонун байкашты. 

Рустемов болгону бир нече гана мүнөттөргө үлгүрдү: жигиттин качып кетишинен кабатырланышкан бандиттер Рустемовдорго карата өздөрүнүн катаал, мыкаачылык пландарын жүзөгө ашырууга киришип калган эле. Ордунан жыла баштаган машинени күтүүсүз жерден полициянын курчап калышы бандиттердин шаштысын алып койду. Аларды кармоого Рустемовдун өзү катышты. Анын бардыгы полиция тарабынан видеого тартылып алынды. Булар кармалганданн кийин, калгандары да кармалып, сот жообуна тартылат деп ишенген. Бирок, андай болбоду, айрымдары кармалбай, эркиндикте жүрүштү. Ошондуктан ал, анын үй-бүлөсү бир нече жыл бою өз тагдырлары үчүн кабатырланып жүрүштү.

Ошол кезде бандиттердин ашкере кылмыштарын, адамдардын жоголуп жатканын борбордо бардыгы угушкан. Алардын кайдан жана кимге келишерин эч ким билчү эмес. Алар өздөрүнүн курмандыктарына күтүүсүздөн келишчү. Тилекке каршы, полицияга кайрылууга эч ким шашчу эмес. Эч ким башына ашыкча түйшүк үйүүнү, ошону менен катар бандиттер  тарабынан жаза алгысы келчү эмес. Рустемовго чейин бардыгы бандиттердин талабын кыңк этпей аткарып келген. Баш тарткан адамдар ың-жыңсыз жоголуп кете турган.

Кылмышкерлердин коомго келтирип жаткан бардык татаал ал-абалды, кайгы менен касиретти түшүнүп туруп, бир чечимге келди: башкалардын аягы көрүнбөгөн өлүмдөрүнөн, төгүлгөн көз жаштарынан көрө, өзү акыркы курмандык болгону жакшы. Кылмышкерлердин колунан ар улуттагы адамдар өлүп жатышкан. Полиция кызматкерлери бронежилет кийип, автомат менен куралданышкан. Рустемов болсо кадыресе эле кийимчен жүргөн. Көпчүлүк учурда боло жүргөндөй, эгерде кылмышкерлер каршылык көрсөткөндө, балким, ал азыр биздин арабызда жок болмок...

Рустемовдун чечкиндүүлүгүнүн, эрдигинин аркасы менен кылмышкерлер кармалды. Алардан глушителдүү эки пистолет, Калашников автоматы, обрез мылтык, полиция кийимдери, дубинкалар, кастеттер жана башка кылмышка колдонулуучу шаймандар алынды. Бул кылмыштуу топто он бир киши, алардын ичинде кыздар да болгон. Бирок, жети адам гана соттолуп, калгандары качып кетишти. Сот иши бир нече айга созулду, ал бүткөнчө жазуучуга жана анын үй-бүлөсүнө аскердик күзөт бекитилди.

Сот кылмышкерлердин үчөөнө өлүм жазасын берип, калгандарын узак мөөнөткө кести. Астана шаарынан чыккан «Инфо-Цес» газетасы борбор шаарда болгон ошол кайгылуу окуялар жөнүндө жазып, ар кайсы шаардан чогулган бандиттерди кандуу кылмыштар бир тагдырга байланыштырып келгенин белгилеген. Тилекке каршы, айрым кылмыштардын бети ачылбаган бойдон калды.

Жогоруда айтылгандай, турмушта ар кандай нерселер болот, биз аны жакшы билебиз... Демек, тынчтык мезгилде да эрдик жана баатырдык жасоого болот. Андай кадамдар уникалдуу, адаттан тыш бөтөнчө эрдик катары саналып, статусу боюнча согуш мезгилиндегиден жогору болбосо, төмөн болбошу керек. Согуш учурунда массалык баатырдык байкалат. Ал эми тынчтык мезгилде өз өмүрүн тобокелге салып, баатырдыкка, эрдикке барган адамдар бирин-экин гана...

Адамдардын жана коомдун оор күндөрүндө Рустемовдун эки сапар баатырдык көрсөткөнүн биз түшүнүп, татыктуу түрдө баалай алдыкпы? Анын ошондогу кадамы кандай деп аталат? Анан да ал кадамды биз сыяктуу эле жөнөкөй, катардагы адам жасады. Бул окуя жөнүндө 2012-жылы шаардык газетада, шаардык бийликтин сайтында кыскача баяндалган, аны шаар тургундары шаардык «Астана таңдауы - 2012» конкурсуна сунуш кылышкан. Конкурс жөнүндө борбордун тургундары гана эмес, бүт казакстандыктар, алтургай чет өлкөдө да билишкен.

Бул конкурста Рустемов биринчи орунду алган. Жеңүүүчү катары андан интервью алууга басма сөз каражаттары, телевидение, радио, газета кабарчылары барышарын кабарлап, телефон чалышты. Аны эчак миңдеген адамдар, алтургай башка шаарлардан, чет өлкөлөрдөгү достору куттуктап жатышкан. Алардын арасында аны конкурста колдогондордун бири Казакстандагы Украинанын мурунку Элчиси, Украинанын Грузиядагы Элчиси Василий Григорьевич Цыбенко да бар эле. Бирок, түштөн кийин Рустемовго конкурстун ал катышкан номинациясын сыйлангандардын тизмесинен чыгарылып калгандыгын билдиришти?!.

Мындай акылга сыя бербеген окуянын чет өлкөлөрдө болгонун качандыр бирөөлөр укту бекен? Конкурсту уюштурган шаар бийлигинин мындай жоругуна миңдеген адамдар таң калып, нааразы болушту. Миңдеген адамдар Рустемовго чалып, аны борбор калаанын жана өлкөнүн чыныгы элдик баатыры катары сыпаттап жатышты. Ошол эле 2012-жылы ар кандай шылтоолор менен шаар маслихатынын депуттаттыгынан анын кандидатурасын алып ташташты.

Андан мурдараак, 2008-жылы борбор шаардын 10 жылдык юбилейине карата шаар көркүн бузат деген шылтоо менен жазуучунун үй-бүлөсү жан багып жаткан 3х7 метр өлчөмүндөгү жалгыз кичинекей соода павильонун талкалап ташташкан. Анын айланасындагы болуп жаткан адилетсиздиктерге көптөгөн тааныштары, достору таң калып, өкүнүп жатышты. Албетте, бул негизсиз адилетсиздиктердын бардыгы кимдер тарабынан жасалып жаткандыгын билип турду. Мүнөзү боюнча токтоо, жөнөкөй, боорукер жана адамкерчиликтүү адам болгондуктан, Рустемов өзүнүн санаасын сыртка чыгарбай, ичинен сызып жүрдү. Мунун кесепетинен бир сапар ооруканага да жатып чыкты. Баарынан көп санаа тартып, азап чеккен анын сексен жаштагы апасы болду. Ал он эки бала төрөп, тарбиялаган «Баатыр эне» эле. Кырк жыл мектепте мугалим болуп иштеген. Бийлик тизгинин чойгон ташбоор адамдардын аарасында аялдардын да бар экенине таң калып, өкүндү.

Коомдун, өлкөнүн, өз мекендештеринин бейпилдиги үчүн эки жолу жасаган эрдик иши мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, сыйланышы керек. Бул менин гана эмес, көптөгөн адмдардын пикири, каалоосу. Эч болбосо - кеч болсун деген сөз бар. Бул өз элинин чыныгы уулу Рустемов үчүн эмес, баарынан мурда эл үчүн, улут үчүн керек. Турмушта эл үчүн, өлкө үчүн жасалган кайырдуу, жакшы иштерге, эрдиктерге ар дайым мүмкүнчүлүктөр бар. Андайларды көрсөтүп, баяндап туруу зарыл. Ал эми биздин каармандын чечкиндүүлүгү, батылдыгы жана эрдиги дүйнө элдерине, айрыкча, кайсы өлкөлөрдө жашабасын, бүтүндөй жаштарга үлгү.

Бул жөнүндө дүйнөдөгү адамдардын көпчүлүгү билүүгө тийиш. Китептер жазылып, кинофильмдер тартылууга тийиш. Себеби мындай нерселер күндө эле болуп турбайт, өз өмүрүн, өз жыргалчылыгын ойлогон адамдар мындай кадамга бара алышпайт. Эгерде Рустемов тобокелдик кылып, эрдик кадамын таштабаган учурда дагы канча адамдар азап тартып, канчалар зордукталмак, эч күнөөсүз канча адамдар өлүп, жок болушмак. Кылмышкерлер кармалышкан соң борбор калаанын тургундары жеңилдене дем алышкан.

Ашынган мыкаачылыктарды жасап жатышкан бандиттерге каршы чыккан жалгыз адамдын эрдигин угушкан адамдар бир нече жыл бою таң калып, бүйрүн кызыта сөз кылып жүрүштү. Жакында эле өздөрүн кордоп, запкы көрсөтүп келишкен киши өлтүргүч бандиттердин акыры сот жообуна тартылганына көп адамдар ишене албай да жүрүштү. Айрыкча бул кылмышкерлер тарабынан бир туугандары өлгөн адамдарга абдан оор болду.

Бандит-каракчылардын кармалгандыгы жөнүндө басма сөз беттеринде кабар, макалалар жарыяланды, бирок, борбор калаадагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө полиция кызматкерлеринин ийгиликке жетишине ким демилге көтөрүп, ким уюштуруп, ким көмөкчү болгону тууралуу бир да сөз жазылган жок. Мисалга алсак, борбордук «Инфо-Цес» газетасы 2001-жылы жарыяланган «И вечный бой» аттуу макалада мындай деп жазылган: «Ички иштер министрлигинин Вице-министри, генерал-майор жакында болуп өткөн пресс-конференцияда төмөндөгүлөрдү билдирди - жыл башынан бери кылмыштуу 19 түзүм, 140тан ашык уюшулган кылмыштуу топ жок кылынды, 91 иш сотко жиберилди. Жакынкы күндөрдө эле Астанада жети адамдан турган топ кармалды. Алардан полиция кызматкеринин кийимдери, 6-7 беткап, Калашников автоматы, обрез мылтыгы, глушителдүү эки тапанча, тартылып алынды. Түштүк-Казакстан облусунда кылмыштуу топтун үч жетекчиси кармалды». Өлкөнүн базарларындагы ишкерлердин үлүштөрүнө семирген каракчылар жөнүндө адамдар бүгүнкү күнгө чейин айтып жүрүшөт, бирок, ошол кылмыштуу топтун чынжырын үзүүгө ким белсенет?

Рустемов жөнүндөгү көптөгөн ой-пикирлердин бирин келтирейин. Үч согуштун - совет-фин (1939-1940-жж.), экинчи дүйнөлүк (1941-1945-жж.), Кытайдагы Чыгыш-Түркстан (1944-1949-жж.) согуштарынын ардагери Борибай Кулманов мындай дейт: «Мен турмуштун чоң мектебинен өткөн кишимин. Жарадар болгом. Өз өмүрүн тобокелдикке салып коюп, көптөгөн адамдарга өлүм-житим, кайгы-капа алып келген кылмышкерлерди кармоодогу Рустемовдун жасаган иши согуш жылдарындагы баатырдыкка тете. Согушта адамдар өз өлкөсүн баскынчылардан бошотуу үчүн өз жандарын кыюудан кайра тартпай салгылашат. Ошолордой эле Рустемов да адамдарды мите-каракчылардан бошотуу үчүн өз өмүрүн бир эмес, эки жолу коркунучка кирептер кылды. Эгерде ал мындай кооптуу ишке чечкиндүү белсене киришпегенде, дагы канча кырсыктар болуп, дагы канча адамдардын каны төгүлөөрүн бир Кудай билмек.

Мындай эрдикке барууга көрүнгөн адамдын жүрөгү даабайт. Анын жасаган ишине сыймыктануу гана керек. Жер жүзүндө мындай адамдар канчалык көп болсо, ошончолук бекем тартип, бейпиилдик болот. Өрттөн, суудан сактоодо айрым адамдардын эрдигин белгилеп жүрүшпөйбү. Рустемов эки жолу эрдик жана баатырдык кадам таштады. Ал татыктуу түрдө бааланышы керек. Бул жаштар үчүн чоң үлгү».

Тилекке каршы, жакшы, кайырдуу иштерди жокко чыгарып, өздөрүн жана өз өмүрлөрүн өз элине, өз өлкөсүнө арнап коюшкан чыныгы патриот улан-кыздарга үстүртөн карап, мыйыгынан жылмайышкан адамдар да бар. Мына ошондой кокуйлар Рустемов сыяктуу жаркын инсандардын эрдигине ичкүйдүлүк кылышып, ролун кемитип жатышат.

Анын эржүрөктүүлүгүнө карапайым адамдар бир нече жолу ишенишкен жана сыймыктанышкан. Анын ашкере жөнөкөйлүгү ар нерсеге кызыккан журналист аттуулардан өзүн оолак кармоого мажбурлайт. Өзүнүн айтуусу боюнча, бүт айланасында бир гана кайгы-капага, көз жашка баткан адамдар турган маалда, кылмышкерлерди кармоодо кылган эрдиги жөнүндө айтып, мактанууга моралдык да, адамдык да укугу жок болучу. Бул кишинин ордунда башка бир популист адам болгондо кылган ишин асман-айга чейин көкөлөтүп, алган жаратын бийликтегилерге көрсөтүп, босогосун жыртып догурунмак. А Рустемов андай адамдардан ат чабым алыс. Өз турмуш-жашоосуна эч өкүнбөйт. Дайыма калбаат, жөнөкөй. Бирок, анын мындай мүнөзүнө жакындары тынчсызданышат. Анткени, ден соолугу мурдагыдай эмес...

Баянымдын каарманын жүрөгүнөн алган жараты жыйырма эки жылдан бери кыйнап келет. Бирок, ал бул мезгилдин аралыгында ден соолугу, тагдыры жөнүндө бирөөлөргө айтып, даттанбады. Бардык кыйынчылык менен жокчулук деген балээни, алтургай мамлекеттик кызмат ордунан негизсиз бошотуп койгон, жер тилкесин тартып алган, кичинекей соода павильонун талкалап салган учурларды да туруктуулук менен көтөрдү. Мындай жашоого абдан чыдамкай, адамкерчиликтүү, калбаат адамдар гана чыдай алышат. Бардык көйгөйлөрүн ичине катып, ичтен сыздашат. Мунун эмне менен бүтөөрүн, балким, көптөр билишет...

Рустемов менен бирге кылмышкерлерди кармоога катышкан полиция кызматкерлери эки жолу тең сыйлык менен мактоого арзышты, а эми кылмышкерлерден эчен жолу запкы көрүп, бычак жеген жазуучу четте кала берди. Ага эч болбоду дегенде адамкерчилик кылып, ырахмат айтып коюшпады. «Сиз эмне үчүн сыйлык албай калдыңыз?» деген суроого Рустемов: «Сиздин сурооңуз мага тиешелүү эмес. Мен жөн гана өз парзымды аткардым», - деп жооп берген.

Чындыгында мамлекеттик бийлик түзүмдөрү мындай патриотизмдин жана баатырдыктын сейрек кездешкен феноменин жасаган өз өлкөсүнүн жаранына көңүл бөлүүгө тийиш эле. Бирок, андай болбоду. Демейде боло жүргөндөй, арабыздан көзү өтүп кеткенден кийин гана аны мактап, татыктуу баасын берип калабызбы? Эртеби, кечпи акыры адилеттик жеңип, жазуучунун жасаган баатырдык ишине татыктуу баа берилет, мен буга бөркүмдөй ишенем. Балким, жаңы муун унутпас. Бирок, муну бүгүнкү замандаштарыбыздан күтөөр элем.

Спорт түрүнөн чоң ийгиликтерди жараткан инсандарды деле баатыр катары эсептеп жүрбөйбүзбү. Алар жөнүндө басма сөз каражаттары жазып, документалдуу фильмдер тартылып жатат. Өлкөнүн спортуна кошкон салымы үчүн кандайдыр бир жеңилдиктерге  ээ болушат. Аларды мамлекет акчалай, машина, батирлер, орден-медалдар менен сыйлайт. Ооба, алар азаматтар, баатырлар. Бирок, Рустемовдун өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч келтирип, дагы деле киши өлтүрүүлөр, зордуктоолор, талап-тоноолор боло бербесин үчүн кылмышкерлерди ооздуктоого карата жасаган ишинин салмагы, пайдасы боюнча алганда - чыныгы баатырдык деп эсептейм.

Адам фактору, коом фактору жөнүндөгү темага көп кайрылып, жазып жүргөн адам катары жаш курагымдын, турмуштук тажрыйбамдын бийиктигинен көз чаптырып, улуттун аброюн көтөрүп, ал үчүн прогрессивдүү, бөтөнчө ийгиликтер менен жаңы нерселерди алып келип жатышкан уникалдуу, таланттуу улан-кыздарды эл арасында кандай колдоп атканын көрүп турам. Кудай сүйгөн алдыңкы, өзгөчөлөнгөн инсандарды баалай албаган адамдар, эл, өлкө интеллектуалдык деңгээлге дүйнөлүк масштабда баа берген кезде акыркы орунга түшүп калышы ыктымал.

Дүйнөгө өз баатырларын жана таланттуу инсандарын көрсөтө билүү - өз улутун көрсөтө билүү дегендик. Алдыга умтулгуч инсан улуттун өнүгүшүн көрсөтүп турат. Япония, Америка, Индия, Россия, Кытай, Грузия, Азербайжан, Өзбекстан ж. б. өлкөлөр өзүнүн интеллектуалдуу адамдарын кантип дүйнөгө көрсөтүп жатканына көңүл бурсаңыздар. Жаштардын форумунда (2015-жыл, апрель) сүйлөгөн сөзүндө биздин мамлекеттик Жетекчиси Н. Назарбаев канадалыктар эгерде кимдир бирөө өлкөнүн түштүк районунан түндүк районуна иштөөгө кетсе, андай адамды баатыр катары эсептешерин белгилеген. Ал эми ошол канадалыктар өз мекендештеринин бейпилдиги үчүн өз өмүрүн бир нече жолу берүүгө даяр болгон адамга кандай баа берет эле? Муну түшүнүү анча деле оор эмес деп ойлойм.

Рустемов сыяктуу жазуучулар адам өмүрүнүн баалуулугун башкаларга караганда жакшы билет. Гуманизм менен кандай гана коомдо болбосун жайгерликти жана туруктуулукту бузууга умтулган кылмышкерлердин айбандык жүздөрүнүн айрымасын көрүп турат.

Байыркы түрктөрдүн улуу инсандарынын бири кыргыздын Барсбек каганы төмөнкүдөй сөзү ойго түшөт:

Аттан - аттын неси артық,

Ашыра басқан жолу артық.

Эрден - эрдин неси артық,

Эл үчүн күйгөн жаны артық.

 Менин баянымдын каарманы, өз элинин татыктуу уулу, адамзаттын татыктуу уулу Бакыткожо Рустемов өз өмүрүнүн басымдуу көп бөлүгүн дал ушундай жашап келе жатат.

 

Аманкелды Жумабек,

акын, журналист, публицист, эссеист. Которгон Мусакун Сатыбалдиев.